• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жарандар салык органынан бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат

2 Бугу 2020 21:56 Бишкек Govori.TV

Аймактык салык органдары жарандарга бир катар кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде патентти, камсыздандыруу полисин, маалымкаттарды, “Салык төлөөчүнүн кабинетинин” логин/паролун берүү, жеке ишкерлерди каттоо боюнча кезметчилик графигине ылайык иштеп жаткандыгын Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Бул иш-аракеттер үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тартып өлкөдө экономикалык ишмердиктин этап менен калыбына келтирилишине байланыштуу ишке ашырылды.

Ушуга байланыштуу, ишкерлер салык кызматтарын алуу, анын ичинде патентти сатып алуу же колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн салык органдарына кайрыла алышат.

Патентти кагаз жүзүндө алуу үчун салык органына барып, же интернет аркылуу онлайн түрүндө алууга болот. Электрондук патентти эки жол менен: салык кызматынын www.salyk.kg – «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервиси аркылуу жана eID-картаны (2017-ж. жаңы үлгүдөгү паспортту) пайдалануу менен алууга болот.

Количество просмотров: 69