• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Жарандар өз мүлкүнө маалыматтык эсепти качан бериши керек?

17 марта 2023 в 16:44 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшыруу зарылдыгын эскертти.

МСКнын билдирүүсүнө караганда, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Маалыматтык эсепти эки жол менен тапшырууга болот: Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө, ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Количество просмотров: 882

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда