• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жарандарды АКШга мыйзамсыз жөнөткөн шектүү кармалды

29 Бугу 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Самарканд шаарында мекендештерин Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз жөнөтүү менен алектенген тургун кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдарына тиешелүү арыз менен Самарканддын 22 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кардарларын Европа аркылуу Мексикага жөнөтүп, андан ары АКШга өткөрүү үчүн ар бир кишиден 30 миң доллардан талап кылганы аныкталган. Ички иштер башкармалыгы ага каршы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

19-майда «Свобода» радиосу Мексика аркылуу АКШга өтүүнү каалаган борбор азиялыктар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Мексиканын Кошмо Штаттар менен чектешкен аймактарына дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгиндер агылып жатканы жазылган.

АКШда майдын ортосунда күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, эми өлкөгө кирүүгө аракет кылганга чейин онлайн башпаанек сурап кайрылбаган мигранттардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө уруксат берилбейт. АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөндөр дароо депортация болуп, өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынат.

Количество просмотров: 135