• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жарандык коом каршылык кылса “7-апрель көчөсү” болбой калышы мүмкүн

20 Жалган куран 201816:07 Бишкек Govori.TV
Кечээ, 19-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэр Албек Ибраимовдун “Шабдан баатыр көчөсүн “7-апрель көчөсү” деп өзгөртүү тууралуу сунушуна макулдук беришкен. Бирок, эгер жарандык коом, шаар тургундары каршылык көрсөтсө бул жараян ишке ашпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу ошол эле Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Тимур Тюбеев фейсбуктагы талкууда пикирин калтырган.
“Азырынча көчөнү жаңыча атоо боло элек. Бирок, Өкмөт өз чечимин өзгөртүп, андан соң шаардык кеңеш чечим чыгарча  болмок. Прецедура бузулду. Бирок, эгер, жарандык позиция болсо, көрсөтүлгөн тартиптерге ылайык, экономикалык жактан максатсыз экендигин негиздеген сунуш даярдоо керек. Менимче, Бакиевдик режимдин кулашына эч ким каршы эмес, маселе болгону муну  кандай жол менен киргизип жатышкандыгында. Мыйзам бузулбашы керек”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн ысымдарын алмаштырууга мораторий киргизилген. Кечээ ал мораторий бир күнгө токтотулуп, кайра узартылды…
Количество просмотров: 55