• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жарандык активист: Кумтөр боюнча келишим элге ачык көрсөтүлсүн

26 Чын куран 2022 18:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде “Кумтөр голд компани” ишканасына доо койгон активисттердин иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Отурумда активист Нарис Калчаев соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү бирок судья анын өтүнүчүн канаттандырган жок.

Кумтөрдөгү экология маселесин көтөрүп жүргөн активист Нарис Калчаев чет элдик компания экологияга келтирген чыгымды төлөп бериши керектигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы мамлекеттик алым төлөп бергенден кийин гана экинчи инстанциядагы сот башталыш керек болчу. Аталган компания райондук соттон утулуп калганына байланыштуу бир сом төлөй элек, бирок процесс уланып жатат. Соттук иштердин 4-апрелден кийин жанданып калышы күмөн жаратып жатат. 4-апрелде, Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялады. Бирок мамлекеттин пайдасына 261,7 млд сом төлөп бериши керек деген соттун чечимин келишимге киргизишкен эмес. Чет элдик компания экологияга келтирген чыгымдарын толук төлөп берсин. Алар келтирген зыянды эмне үчүн биздин өкмөт мойнуна алышы керек? Кыргыз бийлиги Кумтөрдү иштеткен канадалык компания менен түзгөн келишимдер элге ачык көрсөтулсүн»,-деди ал.

Эске салсак, 2021-жылдын 7-майыда Бишкектин Октябрь райондук соту алтын өндүргөн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом, андан тышкары, 1,3 млрд сом мамлекеттик алым төлөп берүүгө милдеттендирген. Сот иши Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун “Кумтөр голд компани” ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Чечимди канадалык компания Бишкек шаардык сотуна даттанган. Кийинки отурум 24-май саат 10:00гө белгиленди.

Количество просмотров: 96