Камактагы жарандык активист Мелис Аспеков инфаркт алып Улуттук кардиология борборуна түштү. Маалыматты анын иниси Азамат Аспеков Govori.TVга тастыктады.
Анын айтымында, Аспеков 3 күн мурда өзүн жаман сезип жатканын айткан.
«10-август күнү саат 20:00 чамасында ооруканага келип түштү. Андан мурунку күнү инфаркт алган экен. Бирок абактагы дарыгерлер ийне сайып, абалы жакшы деп коюшкан. Азыр эс-учун билбей, кома абалында жатат», — деди Азамат Аспеков.
Эске салсак, жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон.