• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Көп нерсе али алдыда». Камактан чыккан Аспеков билдирүү жасады

30 Бугу 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

Камактан чыккан активист Мелис Аспеков Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасады.

«Эптеп бошодук, ден соолукка байланыштуу авабыз ырайымдуулук бергени чын. Жашоо кызык экен… Коррупционер Дашковдон каражат алмактурсун, сураганы да ой келген эмес. Убакыт албетте чындыкты, акыйкаттыкты орнотот деп ишенем. Бириңер бетиме бир нерсе айта албайсыңар, бир тыйын мамлекетке залака тийгизген эмесмин. Кандай болбосун, чындык мен тарапта. Бир топ каттарды алып атам, колдоо үчүн, жылуу сөздөр учун чооң рахмат. Биздин сот мени актабаса, тарых сөзсүз мени актайт. Көп нерсе али алдыда…»,-деп жазды Аспеков.

Белгилей кетсек, 6 жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулду.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган. Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган.

Количество просмотров: 186