• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жарандык активист Токтонасыров ИИМге сурак берүү үчүн кирип кетти

1 Теке 2023 11:21 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн кирип кетти.

«Кечээ саат 23:00гө чейин суракка алышты. «Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың» — деп айтышты» — деп билдирген Токтонасыров.

Эске сала кетсек, Токтонасыровду 30-июнда Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү унаага белгисиз бирөөлөр салып кетишкен.

Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

Количество просмотров: 102