Бул тууралуу Kaktus.media сайты күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянуу менен жазды.
Алардын айтымында, УКМК А. Абдуваповду 6-декабрда суракка чакырып, аны менен тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, кечээ 5-декабрда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалса, дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берген.
Андан мурда салык кызматынын орто звенодогу бир топ жетекчилери да кармалган.
УКМК маалыматы боюнча, акциздик маркаларга байланышкан коррупциялык схема иштеп, натыйжада мамлекетке 3,2 млрд сом зыян келтирилген.