• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Султанбай Айжигитов жубайы менен УКМКга чакырылды

29 Чын куран 202520:18 Бишкек Govori.TV

Жакында БШК депутаттык мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо билдирди.

Анда саясатчынын үйүнө УКМКнын кызматкери келип, жубайы экөөнү тергөөгө чакырганын көрүүгө болот. Тасмада өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган адам Султанбай Айжигитовдун жубайынын Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына орноштурууга байланыштуу Кылмыш кодексининин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча иш тергелип жатканын, анын алкагында Айжигитов жана жубайы көрсөтмө бериши керектигин билдирген.

УКМКнын кызматкери делген адам Султанбай Айжигитовду күбө катары чакырып жатканын да кошумчалаган.

Азырынча УКМК бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 1157