• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жарандык активисттер УКМКны реформалоону талап кылышууда

16 Бугу 201912:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Жарандык активисттер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти реформа кылуу талабы менен онлайн түрүндө кол чогулта башташты. Демилгечилер петиция аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКдан тергөөнү жана Коррупцияга каршы күрөш кызматын алып салууну талап кылышууда. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова фейсбук баракчасына жарыялады.

«Бүгүн бул тармакты реформага түрткөнгө абдан сонун шарт түзүлдү. Келгиле, баарыбыз биргелешип президенттен реформаны талап кылалы. Бул кадамга барса, президентибиз реформатор болуп, өлкөбүздү өнүгүү жолуна түшүрөт» деп онлай петицияда жазылат.

15-майда УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов биометрикалык паспорттун бланк чырына байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 14