• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жарандык коом COVID-19дун мигранттарга тийгизген таасирлерин талкуулады

18 Бештин айы 2020 13:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда Эл аралык мигранттар күнүнө карата журналисттердин, жарандык активисттердин катышуусунда жыйын өттү. Иш-чара мигранттардын коронавирус пандемиясындагы кабылган абалы, чет мамлекеттерде жүргөн жарандарыбызды укуктарын сактоого багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар COVID-19 пандемиясынын миграциялык процесстерге тийгизген таасири, ошондой эле пандемиянын Кыргызстандагы эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө тийгизген кесепеттерин талкуулашты.

Спикерлер өз ара аракеттенүү жана миграциялык процесстердеги жаңы чакырыктарга жооп кайтаруу маселелерин белгилешет, ошондой эле миграция, баруучу өлкөлөргө кирүү, чыгуу жана анда болуу эрежелеринин өзгөрүшү, мигранттардын абалы, алардын укуктары жана башка актуалдуу көйгөйлөр боюнча сөз кылышты.

Жыйынга активисттер, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана атайы бийлик өкүлдөрү келип катышты.

Миграция маселеси азыркы учурда өтө маанилүү экенин белгилеген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов өкмөт тарабынан чет жерде жүргөн жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн ар кандай иштер жасалып жатканын билдирди.

Анын айтуусунда, элчилик жана мамлекеттик кызматтар өлкөгө келүүнү каалаган кыргызстандыктардын саны көп болгондуктан жетишпей жатышты.

«Мындан улам чет жакта жашаган кыргызстандыктар биригип, мекендештерибизге жардам бере башташты. Ошондой эле эгебейсиз жарамды кыргыз диаспорасы көрсөттү», — дейт ал.

Ошондой ле жыйындын жүрүшүндө «Карылар үчүн ресурстук борбору» пандемия маалында мигранттарга жардам берүү максатында көптөгөн демилгелер көтөрүлгөнүн жана алардын эң эле маанилүүсү болуп онлайн кеңеш берүү иши болгонун белгилешети.

Алардын айтымында оор абалга кабылган мигранттарга онлайн түрдө кеңеш, көрсөтмө берүү менен алгылыктуу эле иш жасалган.

«Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кыргыз альянсы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева, карантин учурунда ички мигранттар медициналык же гуманитардык жардам ала алышпаганын айтты.

«Мындан тышкары, толук изоляция ички мигранттардын дары-дармектерге болгон мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине алып келди. Мындай шартта, мыйзамсыз курулган жаңы имараттардын жашоочулары өздөрү COVID-19 дарылоо менен алектенишкен », — деди Бактыгүл Бозгорпоева.

Эске салсак, 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Количество просмотров: 23