• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жарандык коом Конституция долбоору боюнча президентке жана депутаттарга кайрылуу жасашты

11 Жалган куран 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

Жарандык коом, медиа чөйрө өкүлдөрү, кесипкөй бирикмелер коалициясы, Кыргыз Республикасынын жарандары Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Президентине 2021-жылдын 3-февралындагы Конституция долбоору боюнча кайрылуу жасашты.

Кайрылуу:

            2021-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш экинчи окуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Эгер кийинки жумада ал экинчи жана үчүнчү окуудан өтө турган болсо, анда Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыгып, kenesh.kg сайтында 2021-жылдын 3-февралында жайгаштырылган долбоору (мындан ары Конституция долбоору) боюнча 2021-жылдын 11-апрелинде бүткүл элдик шайлоо өтмөкчү.

Конституцияны кабыл алуу процесси шашылыш түрдө жана олуттуу процедуралык бузуулар менен жүрүп жатат.

1. КРнын учурдагы Конституциясынын 114-бер. ылайык КРнын депутаттары Конституциянын толугу менен жаңы редакциясын кабыл алууга укуктары жок, алар өзгөртүүлөрдү гана киргизе алышат.

2. Конституциялык кеңешме коомдук талкуу катары чыга албайт. Тилекке каршы, Конституциянын текстинин коомдун бардык кызыкдар тараптарынын катышуусу менен өлкө Парламентинде кеңири талкуудан өтүүсү уюшулган жок.  

3. Ушул күнгө чейин Конституциялык Палатанын корутундусу чыга элек. Демилчеги-депутаттардын бир бөлүгү авторлугун таануудан баш тартып, аларды Конституция долбоорунун авторлор тизмесинен алып салуусун суранып жатышат.

4. Башкы мыйзамды кабыл алуу КРнын ЖК депуттарынын толук эмес катышуусунда өтүп жатат. ММКлардын колунда добуш берүүдө отурумга келбеген гана эмес, көзү өтүп кеткен жана СИЗОдо жаткан депутаттар добушу колдонулгандыгы туурасында жазуулар  бар.

5. Биринчи окуудан өтүп жаткандагы талкуусунда Конституция долбоору бир катар парламентарийлер тарабынан катуу сынга алынды. Алар эң негизгиси сунушталып жаткан Конституция боюнча өлкөдө дээрлик монархиялык түзүм орношу мүмкүн, себеби токтото туруу жана тең салмактуулук системасы бузулуп жатат деп чочулап жатышат.  

Жогоруда айтылгандарды эске алып, жарандык коом, медиауюмдар жана кесипкөй бирикмелердин өкүлдөрү көптөн-көп

сурашат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын:

1.1. Мамлекеттин башкаруусуна олуттуу залал келтирип, Кыргыз Республикасынын беделдик жоготууларына туш болуп калбоо үчүн Экинчи жана үчүнчү окууда Конституция долбоору боюнча 2021-жылдын 11-апрелине референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл албоону.

1.2. Конституция долбоорун иштеп бүтүрүп, кеңири талкууну өткөрүүнү.

2. Кыргыз Республикасынын Президентин, парламент тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Конституция долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышында:

2.1. Ага тыюу салып, Конституция долбоорун колдо бар сунуштар жана байкалган кемчиликтерин иштеп чыгуусу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарууну.

2.2. Кыргыз Республикасынын жарандарына бул түрдөгү документти кабыл алуу процедураларын бузбастан, Конституция долбоорун толугу менен талкууга алуусуна жана ага өз сунуштарын жана өзгөртүүлөрүн кошуусуна шарт түзүп берүүнү.

Количество просмотров: 77