• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жарандык коом Конституция долбоорунун шашылыш кабыл алынуусуна тынчсызданууда

5 Жалган куран 2021 16:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына
Жарандык коом жана Кыргызстан жарандары Конституция долбоорунун шашылыш кабыл алынып, документтин 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумга алып чыгарылышына тынчсызданууда.

Конституция ар бир жаран кызыкчылыгын козгогон өлкөнүн башкы мыйзамы, андыктан аны кабыл алуу процедуралары менен байланышкан бардык ченемдердин милдеттүү түрдө сакталышы талап кылынат, анын ичинде КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө Мыйзамы жана КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамы.

Конституциянын сунушталган долбоору процедуралык ченемдерди бузуу менен, кеңири коомдук талкуудан өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарынын Конституция долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу жок, КРнын Өкмөтү тарабынан болгон финансылык экспертизанын жоктугу менен, КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын корутундусу жок кабыл алынып жатат.

Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган Конституция долбоору олуттуу кайра иштеп чыгууга жана жарандык коом, медиа сектор жана кесипкөй бирикмелер тарабынан айтылган сунуштарды киргизүүгө муктаж. Жарандык коом уюмдарынын, көз карандысыз юристтер, Көз карандысыз журналисттер бирикмеси, республика жарандарынын сунуштары Конституциялык кеңешме тарабынан эске алынбай, Конституция долбоорунун текстине киргизилген жок.
КРнын ЖКсына киргизилген Конституция долбоорунда карама-каршылыктар бар, себеби бир беренелери башка беренелерине каршы келет. Конституция долбоорунун бир катар пункттары Кыргыз Республикасы мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерге каршы келет.

Конституциялык кеңешме курамынын тардыгынан өлкө жарандарын колдой турган Конституция долбоорун иштеп чыга алмак эмес. Ушуга байланыштуу Конституция долбоорунун кабыл алынышын өткөн каталарды кайталап албоо үчүн аны толук иштеп чыгууга убакыт берип, кечирээк мөөнөткө жылдыруу зарыл.

Жарандык коом, медиа, кесипкөй коомчулуктар Конституция долбоорунун бүтүн республика боюнча кеңири талкуусун уюштурууга жардам берип Парламентке өз жардамын сунуштоого даяр. Мындан тышкары, көз карандысыз эксперттер, жарандык коом өлкөнүн башкы мыйзамы жарандар кызыкчылыктарын чагылдыруусу үчүн жарандардын сунуштарын Конституция долбоорунун текстине интеграциялоодо жардам көрсөтүүгө даяр.

Жарандар аракеттеги укуктук ченемдердин жана процедуралардын сакталышы үчүн чыккан жана колдо бар Конституция долбоорунун референдумга чыгарылышынын мүмкүн эместигин далилдеп келген Жогорку Кеңеш депутаттарын колдой тургандыгын билдиришет.
Жарандар каршы келген Конституция долбоорунун кабыл алынышын кийинкиге калтырууга жана референдумду 2021-жылдын апрелинде өткөрбөөгө чакырган депутаттар демилгесин колдоп келишет!
Жарандык коом, медиа чөйрө өкүлдөрү, кесипкөй бирикмелер коалициясы, Кыргыз Республикасынын жарандары

Количество просмотров: 102