• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жарандык коом ЖКны Нарматованын бейөкмөт уюмдары боюнча мыйзамын четке кагууга чакырды

23 Жетинин айы 2022 14:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү 2022-жылдын 21-ноябрында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматованын мыйзам чыгаруу демилгесине тынчсыздануусун билдиришти. Бул тууралуу алар тараткан кайрылууда айтылат.

Жарандык коомдун кайрылуусу Жогорку Кеңешке, президент Садыр Жапаровго, Министрлер Кабинетинин төрагасына, Акыйкатчыга багытталган.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатары, депутат Нарматова Надира тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууга; Кыргыз Республикасынын Президенти, негизги адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга чакыруу менен кайрылабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Кайрылуунун тексти менен төмөндөн толук тааныша аласыз:

Количество просмотров: 125