• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жарандык коомдун жыйыны үзгүлтүккө учурады

8 Тогуздун айы 2020 13:10 Бишкек Govori.TV

Жарандык коомдун жыйыны үзгүлтүккө учурады. Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында жыйын өтө көп кишилер келгенине байланыштуу үзгүлтүккө учурады.

«Жыйынды бардыгы түз эфир аркылуу көрсөтүп жатышкандыктан, ага келген адамдар да көбөйүп кетти, — деди ал. — Мейманкананын жетекчилиги аянттагы адамдар да келип, тополоң болбосун деп чочулап, бизден жыйынды токтотууну аябай суранды. Биз жыйыныбызды чукул жыйынтыктоого аргасыз болдук», дейт ал.

Динара Ошурахунова ошентсе да жыйын максатына жеткенин айтты. Анын сөзүнө караганда, жыйын өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, кайра шайлоо процедураларына байланышкан маселелерди талкуулоо максатын көздөгөн. Жыйынга жарандык активисттер, айрым сясатчылар, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев катышты. Ал өз сөзүндө Коопсуздук кеңеши учурдагы жалгыз легитимдүү бийлик экенин билдирди.

Легитимдүү бийлик катары саналып жаткан Жогорку Кеңеш эки күндөн бери кезексиз жыйынга чогула албай жатат. Президент Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда митингге чыгышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Милиция менен кагылышууда бир адам набыт болуп, жүздөгөн адам жаракат алган.

Бул окуялардын жыйынтыгында БШК акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Количество просмотров: 501