• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жардам күткөн жаңы конуштарга мэрия качан кол сунат?

30 Бештин айы 2020 15:33 Бишкек Govori.TV

Келе жаткан жылы жаңы конуштар биринчи жумушубуз болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 30-декабрдагы маалымат жыйында билдириди.

Анын айтымында, жаңы конуштардагы жол, электр энергиясы, газ сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулат.

«Кийинки жылы борбор калаабыздагы тротуарларга, экинчи шаардын четиндеги жаңы конуштардын баарына көңүл бурам. Кудай буюрса, конуштардагы жол, электр энергиясы, газ сыяктуу көйгөйлөр эске алынат. Жаңы конуштардагы менин кызыкчылыгым бул элдин жашоосу. Эч ким көңүл бурган эмес деп айта албайм, бирок жакшы маани берилген эмес. Быйыл конуштар биринчи жумушубуз болот»,-деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 315