• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жардамга!!! Баткенде Нооруз майрамынан кийин төрт бала жоголду. Шыкмаматов мандатынан ажырайбы? Соңку жаңылыктар 23.03.18

23 Жалган куран 201813:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Шадиев УКМКга чакырылды 
Улуттук коопсуздук комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулайманов биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин суракка чакырылганын билдирди. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев эки ирет сурак берип кеткен. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Өткөн аптада Шадиев Жогорку Кеңештен 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча атайын кызматка сурак берип чыкканын жергиликтүү маалымат сайттар жазып чыккан. Быйыл февралда КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.
Шыкмаматов мандатынан ажырайбы?
Шыкмаматов мандатынан ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. «Айыпка жыгылуу дагы соттолгонго барабар. Эгер Бишкек шаардык соту Алмамбет Шыкмаматовду 5 млн сом айыпка жыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырса, анда депутаттык мандаты алынат. Анын ордуна «Ата Мекен» партиясынын тизмеси боюнча Ташполот Балтабаев депутат болуп келет,-дейт Абдыжапар Бекматов.
Баткенде төрт бала жоголду 
Баткен шаарында 21-марттан бери 4 мектеп окуучусу изделүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат болжол менен 09:00 чамасында Баткен шаарынын тургуну 2005-жылы туулган Адилет Полотов жана 2006-жылы туулган Азизбек Мамытов өздөрү жашаган үйдөн Баткен шаарынын борбордук стадионуна майрамга барабыз деп чыгып кетишкен боюнча дайынсыз болууда. Ал эми ошол эле Нооруз майрамы күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 2002-жылы туулган Кубат уулу Бекболот жана 2007-жылы туулган Ташбаев Илимбек аттуу балдар Нооруз майрамына карата борбордук стадионго үйлөрүнөн чыгып кетишкен боюнча кайра кайрылып келишкен эмес. «Балдарды издөөгө көмөк корсөтүүнү суранабыз, ошондой эле кандайдыр бир маалымат болсо тез аранын ичинде Баткен ОИИБинин төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуңуздарды суранабыз»,- деп билдирет басма сөз кызматынан. Байланыш телефондор: (03622) 5-01-24 (03622) 5-17-56 (03655) 5-00-68, 0772 15-07-81, 0770 21-33-28.

Количество просмотров: 37