• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жардан кулаган жаран куткарылды

16 Чын куран 201915:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

15-апрель күнү түнкү саат 23:25те Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тоскоол айылынын Алаш тоосунда 1978-жылы туулган М.И. аттуу эркек киши жардан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Ноокен райондук бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, саат 02:40ка чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

Бүгүн, 16-апрель күнү КР ӨКМнин Ноокен райондук №55 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан таңкы саат 06:15те издөө иштери улантылып, саат 07:40та жабырлануучуну табышкан. Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүшүп, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришкен, абалы канааттандыраарлык (бутун кокустатып алган).

Количество просмотров: 16