• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жарым жылаңач кыздарга акча кыстарган аткаминерлер жазаланды

14 Кулжа 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Сырдарыя облустук акимчилиги жергиликтүү аткаминерлер ресторанда жарым жылаңач бийчи кыздарга акча берип жатканы тартылган видео боюнча расмий билдирүү жасады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя былтыр октябрда «Евро Азия» деген ресторанда болгон. Интернетке жарыяланган видеодон облустагы райондордун биринин акиминин орун басарын, райондук жайлуулук башкармалыгынын башчысын, Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо инспекциясынын башкы адисин көрүүгө болот.

«Аталган кызмат адамдары ресторанда отурганда аларга «Шоу-балет» тобунун кыздары келишкен. Отургандарга бийчилердин күтүүсүз кирип келгени жакпай, аларга акча берип, тез чыгып кетишин өтүнүшкөн», — деп жазылган акимчиликтин билдирүүсүндө.

Бирок айрым интернет колдонуучулар видеону отургандардын бири тарткандыктан жана аткаминерлердин жүздөрүндө нааразылык көрүнбөгөндүкөн, жергиликтүү бийликтин бул түшүндүрмөсү ишенимсиз болуп жатканын жазышууда. Облустук акимчиликтин билдирүүсүндө ресторандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызмат адамдарына мамлекеттик кызматкер катары үлгүлүү болуу кеңеши берилип, иштен алуу сыяктуу катаал чаралар көрүлгөнү белгиленген. Ошол эле маалда анда кайсы аткаминер кандай жаза алганы айтылган эмес.

Количество просмотров: 3843