Чет элдик валюталык жасалма акчаларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-август күнү Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ доллары акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны «Д.С.Я.» кармалды.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда