• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды

5 Үчтүн айы 2021 10:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-январда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:30 чамасында Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Lexus LS 460 ” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

«Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда А.И. аттуу айдоочусу мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 111