• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Жаш балбандар Азия чемпионатында 7 медаль жеңишти

7 Теке 20259:08 Бишкек Govori.TV

5-июлда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында (U-15) Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Иордания, Тайбей, Түркмөнстан жана Япониянын спортчулары катышты.

Кыргызстандын курама командасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду.

Алтын медалдын ээси:

  • 85 кг Хасан Гасанов;

Күмүш медалдын ээлери:

  • 38 кг Нурислам Шаимкулов;
  • 62 кг Байел Асылбеков;

Коло медалдын ээлери:

  • 44 кг Юсуф Баялиев;
  • 48 кг Нурэл Өзгөнов;
  • 57 кг Бакай Рустамов;
  • 75 кг Нурдин Анаркулов.
Количество просмотров: 110