• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жаш келин сүйүктүүсү кыздардын сүрөтүнө лайк баскан үчүн бычактап салды

30 Үчтүн айы 2019 9:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV

Жабырлануучу Жакынкы Чыгыштан келген 33 жаштагы чет элдик экени аныкталды.

Украинада 31 жаштагы келин чогуу жашаган жигитин кызганычтын айынан бычактап салды. Ортодогу жаңжалга  жигиттин социалдык тармакта башка кыздардын сүрөттөрүнө лайк басканы себеп болгон. Бул тууралуу “Сегодня”  жазып чыкты.

Жабырлануучу Жакынкы Чыгыштан келген 33 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды. Келин башында жигити экөөнө белгисиз бирөөлөр кол салганын айткан. Кийин гана кылмышты мойнуна алып, мунун баары кызганычтан улам болгонун билдирди.

Далил буюм катары кан болгон кийимдер жана ашканча бычагы алынган.

Азыркы тапта укук коргоо органдары тергөө иштерин баштады. Кызга денеге оор залака келтирүү боюнча айып тагылууда.

Булак: “Калыс Медиа”

Количество просмотров: 44