3 баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапты. Бул тууралуу «Балдар укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, окуя 3-апрелде болгон.
«Келинди таанычумун. Аны 18 жашында күчкө салып турмушка беришкен. Күйөөсү ичип жанын койбогондуктан, 22 жашында ажырашып кеткен. Кечээ келип, бычактап келин каза болуптур», — деди Назгүл Турдубекова.
Милиция расмий маалымат бере элек.