• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жаш келинди өзүн өлтүрүүгө жеткирген деген шек менен күйөсү жана абысыны кармалган

14 Жалган куран 2022 14:51 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облустук сотунда 24 жаштагы кош бойлуу келинди өзүн өлтүрүүгө жеткирген деген шек менен кармалган 30 жаштагы киши менен 41 жаштагы аялдын иши каралып жатат. Бул тууралуу «Справедливость» уюмунун укук коргоочулары билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, кылмыш иши маркум келиндин күйөөсү менен абысынына козголду.

Укук коргоочулар билдиргендей, маркум күйөөсүнөн жеңеси менен болгон мамилесин токтотууну талап кылганда ал аялын «өлтүрөм» деп коркутканга чейин барган.

Укук коргоочулар келин басмырлоого чыдабай 2021-жылдын ноябрында жанын кыйганын белгилешти. Ал эми өлүм алдында жазган катында «ушул нерсеге [өзүн өлтүрүүгө] барышына жолдошу жана жеңеси күнөөлүү экенин» жазган. Маркумдун артында төрт жаштагы кызы калган.

Шектүүлөргө «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Келиндин сөөгүн эксгумациялагандан кийинки экспертиза маркум өлгөнгө чейин ур-токмокко алынганын көрсөткөн.

Количество просмотров: 106