• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаш кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды

15 Бугу 202314:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-майда милицияга аял киши кайрылып, анын 2004-жылы туулган кызы өз жанын кыйганы жатканын айтып, жардам сураган.

«Жерине барган милиция кызматкерлери 6-кабатта асылып турган кызды куткарып калышкан»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 204