• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаш кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судья кызматын тапшырды

8 Теке 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз калоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз катычысы Айсулуу Жасынова билдирди.

Маалыматка ылайык, судья сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкен.

«Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков зордуктоо боюнча айыпталган 16 жаштагы өспүрүмдү камактан чыгарды деген маалымат массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин, бул билдирүү Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун көңүлүн бурбай койгон жок.
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.М. Батырбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктоого шектүү болгон эки кишинин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотуп жибергени тууралуу билдирген болчу.

Количество просмотров: 3113