• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаш кызга ыдык көрсөткөн кишини бошоткон судья кызматтан кетти

27 Бугу 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

Жаш кызга ыдык көрсөткөн кишини үй камагына бошоткон Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 27-майда билдирди.

Жогорку сот Аскарбеков райондук соттун төрагалыгынан өз ыктыяры менен кеткенин белгиледи. Деген менен ал судья болуп иштей берет.

«Арстанбек Аскарбеков жасаган аракети сот бийлигинин беделине негативдүү таасир этерин аңдап, коомчулуктагы сын-пикирлерге чек коюу үчүн төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта дүкөнгө келген адам жашы жете элек кызга тийишип жаткан видео тараган. Кыздын жакындары ал киши буга чейин да кызга тийишип жүргөнү үчүн милицияга кайрылганын билдиришкен. Бирок айыпталуучуну Москва райондук сотунун судьясы Арстанбек Аскарбеков үй камагына чыгарып жиберген.

Теги:
Количество просмотров: 454