• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Жаш манасчы – 2023” сынагы өттү

6 Бештин айы 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Жаш манасчы – 2023” шаардык сынагы өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Шаардык сынакка райондук деңгээлдеги сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон борбор шаардагы жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстарынын окуучулары катышты.

Калыстар тобунда манасчы Назаркул Сейдракманов, Шайлообек Рашов, Улуттук “Манас” академиясынын кызматкери Римма Элеманова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери жана англис тили мугалими Гүлнара Тезекбаева болушту.

Шаардык сынактын жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Садыбакашова Асел Баш байгеге (№80 ОМ), Рахатбекова Айназик 1-орунга (№ 86 ОМ), Абдибаитова Калбүбү 2-орунга (№ 86 ОМ), Аскербекова Таңсулуу 3-орунга (№ 43 ОМ) ээ болушту жана кыргыз-англис тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Асанканова Раяна Баш байгеге (№38 ОМ), Болотбекова Аяна1-орунга (№ 80 ОМ), Касымалиев Нурислам 2-орунга (№ 86 ОМ), Алымжанова Каныкей 3-орунга (№ 38 ОМ) татыктуу болушту.

Количество просмотров: 60