• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жаш сүрөтчү Азамат Умаровдун чыгармачылыгын премьер-министр колдойт

2 Тогуздун айы 2018 17:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жаш сүрөтчү Азамат Умаров менен жолугушту жана ага И.Е.Репин атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык живопись, скульптура жана архитектура институтунда окуусун улантууга колдоо көрсөттү.
Алдыңкы ЖОЖдордун биринде окуу үчүн квотага жаш талант сентябрда бардык тандоо сынагынан ийгиликтүү өтүп, ээ болгон.
Азамат Умаров — Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, ал өз талантын ушул жакта көрсөтө баштаган.
5 жыл мурда кураторлордун жана кайдыгер эмес жарандардын колдоосунда ал С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына бюджеттик бөлүмгө өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Умаров өкмөт башчыга өз эмгектерин, анын ичинде Санкт-Петербург институтунун тандоо комиссиясына жөнөткөндөрүн көрсөтүп, өзүнүн мындан аркы чыгармачыл пландары тууралуу айтып берди.
«Мен көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирем жана сиздин колдоо жана менин билим алуума салынган инвестициялар куру кетпейт деп ишендирип кетем», — деди Азамат Умаров.
Количество просмотров: 31