Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Жаш жубайлар Залкар менен Айжамал Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги кесилиш аймакка 30 кайың отургузушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек таратып, бак отургузууну чечишкен.

«Алгач жаш жубайлар балдарды ээрчитип дүкөндөрдү кыдырышты, балдар өздөрү каалаган буюмдарын сатып алып беришти. Андан кийин Абдрахманов менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине бак отургузушту», -деп айтылат маалыматта.
