Жашоо минимумунун көлөмү 2020-жылы Кыргызстанда 5 миң 358 сомду түздү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11,5 %га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
«Өткөн жылы жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди. Ошол эле учурда, 2019-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң өсүшү Талас облусунда (14,8 %га), Баткенде (14,6 %га) жана Ысык-Көлдө (13,8 %га) белгиленди»,-деп айтылат маалыматта.
Эксперттер белгилегендей, пандемиядан улам иш орундар кыскарып, элдин кирешеси азайган. Кыргызстанда доллар өскөндө, жашоо минимуму кошо өскөнү менен бирок киреше өскөн жок.