• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаштар арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө кандай чаралар көрүлүүдө?

23 Кулжа 202516:01 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук прокуратурасы тарабына райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 467-беренесинин талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп төмөндөгүлөр аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 12 айында жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 89 балага иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 37 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 52 өндүрүштөн кыскартылган анын ичинен 21 жашы жетпеген өспүрүм балага кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алып чыгууга байланыштуу болгон.

«Ал эми, 2025-жылдын 4-айында жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 43 балага иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 12 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 31 өндүрүштөн кыскартылган анын ичинен 28 жашы жетпеген өспүрүм балага кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алып чыгууга байланыштуу болду. Биринчи май райондук прокуратурасы жашы жетелектер тарабынан жасалчу кылмыштарды болтурбоодо жана ал болгон учурда кандай жазага тартуунун альтернативдүү жолдорун да караштырат. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу — баланын өсүүсүнө, укуктук маданиятын жана укуктук тарбиясын жогорулатууга, кылмыштын кайрадан жасалышына жол бербөөгө көмөктөшүүгө багытталган, кылмыш жасаганы үчүн кылмыш куугунтугуна альтернативдүү жол-жобо болот”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 111