Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.
«Биз «КТ Мобайлга» каршыбыз»,-деген билдирүүлөрүн жарандык активисттер жана жаш партиялардын өкүлдөрү бүгүн «Акипресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтышты.
Алардын айтымында, КТ Мобайлдын тегерегинде болгон чырлар жана жаралган ар кандай окуялар улуттук компания болгон «Мегакомду» талкалоо, жок кылуу аракеттери катары баалоого болот.
Алар кошумчалагандай өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган жаштардар үчүн «Жаштар КТ Мобайлга каршы» деп аталган кыймыл түзүлдү жана анын катарына кошулууга чакырышты.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегиндеги чыр боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.