• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жаштардын башын бириктирген тренинг максатына жетти

4 Аяк оона 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында жетинчи тренингин жыйынтыктады. Окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. Анын жыйынтыктары боюнча баардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Ошондой эле жети дубандан келген 17 айым “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусуна катышып, «миграция», «жаңы технологияга жетпеген айылдык балдар», «100 миң сом жардам жакырчылыктан чыгарабы?» деген темадагы актуалдуу маселелерди алып чыгышты.

Аймактардан келгендердин арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык активисттер, мугалим, жаш ишкерлер жана активдүү студенттер бар.

Алсак, Жалал-Абад шаарынан келген жарандык активист Ырыскан Эрматова тренинг купулуна толгонун айтат.

Тренингде “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева, «Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы, гендердик эксперттер Римма Султанова менен Мырзаш Шабданбекова жана маркетологдор Ормон Амангелдиев, Мурат Соорбековдор жаш лидерлерге өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Количество просмотров: 302