• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жашы жете электер жалган маалымат таратса жоопко тартылбайт

27 Аяк оона 202417:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте «КР Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору» жана Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигине болгон укуктун ишке ашырылуусуна арналган тегерек стол өтүп жатат.

Анда ушул мыйзам долбоордун тийгизе турган кесепеттери жөнүндө журналисттер, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Акыйкатчысы, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өз ара пикир алышууда. Тегерек столду Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы өткөрүүдө.

Жыйын учурунда депутат Жылдыз Садырбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоевага суроо узатып, эгер жашы жете электер жалган маалымат тарата турган болсо кандай жаза аларына кызыкты.

Количество просмотров: 88