• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Жашылдандыруу курулуш” ишканасы 9 миң сомдук көчөттөр боюнча өз жообун берди (видео)

17 Чын куран 2018 16:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV
Бишкек мэриясына караштуу “Жашылдандыруу курулуш” (“Зеленстрой”) муниципиалдык ишканасы айрым активисттер жазып чыккан 9 миң сомдук көчөттөр боюнча маалыматы берди. Алардын айтымында, бул көчөттөр атайын экологиялык комиссиянын сунушу менен отургузулган.
“9 миң сомдук көчөтөр базардан эле сатылып алынган жок. Сатып алардын алдында комиссия иштеп, эксперт, экологдордун мүнөздөмөсүнүн негизинде тендер жарыяланган. Ошондо ушул баага татыктуу деген адистер бүтүм чыгарган. Алардын түшүндүрмөсү боюнча, бизде өскөн көчөттөр талапка жооп бербейт. Экинчиден, бул көчөт эмес, бак. Эки жылдан кийин эле экологиялык функциясын аткарып баштайт. Биздин базарда сатылып жаткан көчөттөр 7-8 жылда экологиялык функцияларын аткарып баштайт. Ушундай талаптары бар. Андан сырткары токой чарбалары ошондой көлөмдөгү бактарды өндүрүп бере албайт”, дейт ишкананын директору Алымжан Усубахунов.
Ал белгилегендей, бул көчөттөр шаардын булганган абасын тазалап, жарандардын денсоолугун сактоодо өзүн-өзү актай турган, келечектүү долбоор болуп саналат. Азыр ишкана көчөттөрдүн турукташып, өсүп-жетилишине кам көрүп жаткан учуру. Эске сала кетсек, “Жашылдандыруу курулуш” ишканасы чет жактан 13 миллион 763 миң сомго бак-дарактардын алты түрүн сатып алган. Майда жалбырактуу липа, зараң, каштан жана чынар терек сыяктуу түрлөрүнүн ар бири 9 миң 90 сомго туура келген. Ал эми декоративдик алма багы, четин 5 миң сомго жакын бааланган.

Количество просмотров: 48