Кыргыз республикасынын өкмөтү экономика министрлиги менен жашыл экономиканы көтөрүү боюнча тыгыз иш алып барууда. Жашыл экомикага байланыштуу бир катар маселелерди, сунуш долбоорлорду кароого арналган “Жашыл экономика” форуму жыл сайын өткөрүлөт.
Быйыл да жашыл экономикага арналган жумалыктын алкагында, бүгүн, 19-октябрда “Жашыл экономика: Кыргыз республикасындагы жашыл экономиканын өсүү мүмкунчүлүктөрү” аттуу форум өтүүдө.Ага КРдин вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, экономика министри Олег Панкратов баштаган ЖК депутаттары, чет элдик өнөктөштөр катышууда.
Аталган форумдун негизги максаты болуп жашыл экономиканын өсүү жолдорун кароо, жашыл технологияларды иш жүзүндө колдонуу болуп саналат.
Бул форум негизинен бизде 4- жолу өтүп жатат. Экологияны туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналат. Коомчулуктун жашоо шартын жеңилдетүүгө карата сунуштар каралып, жаңы технологияларды күнүмдүк турмушка жайылтуу аракеттери көрүлүүдө.
Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму өтүп жатат
Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбор Азия мамлекеттеринин «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты …