«Жашыл экономиканы» туруктуу өнүктүрүүгө арналган бир жумалыктын акыркы күнү көргөзмө уюштуруу менен жыйынтыкталууда. Көргөзмөдө адамдардын жашоо шартына керектелүүчү техникалар коюлган. Алардын айырмачылыгы болуп экологияга тийгизген зыянынын аздыгы болуп саналат.
Бул иш чаранын алкагында өзгөчө жөө жүрүш жарыяланды, катышуучулар жөн гана маарага биринчи басып келбестен алдынан чыккан таштандыларды чогулта келишет. Мындай иш чара өкмөттүн колдоосу менен ишке ашып, өлкөбүздө төртүнчү ирээт өтүп жатат.
Көргөзмөгө 40 тан ашуун майда жана ири компаниялар катышып өздөрүнүн экологияга зыяны көп тийбеген техникаларын алып чыгышкан.