• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун саны 102 жетти

9 Баш оона 2018 10:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Быйыл жайлоодогу өнүктүрүү борборлору өлкө боюнча 102 жетип, жылдан жылга балдарга камкордук өрчүп жатат. Бул тууралуу тиешелүү адистер айтты.

Аймактарда уюшулган жайлоо бала бакчаларында 3 жаштан 13 үч жашка чейинки балдар мастер класстарга катышат. Ар бир күндөрү бири –бирине окшобогон күндөр балдардын кызыгуусун жаратып, өсүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк болууда дешет. Себеби, ар бир өтүлүүчү сабактар, оюн-зооктор, мастер класстардын темалары ар түрлүү даярдалган.

Мында кандай кыйынчылыктар болбосун ыктыярчылар жан-дилдери менен иштешүүдө. Алсак, Нарын облусунун Ат башы районундагы “Казыбек” жайлоосундагы өнүктүрүү борборунда эмгектенип, балдарга тарбия берип жаткан Мунара Аскарбек кызы төмөнкүлөргө токтолду :

“Көз алдыңда балдардын жүрүм-туруму жакшы нукка түшүп, өзгөрсө абдан кубанасың, себеби аларды тарбиялаганга чоң аракеттерди жасайбыз, аягында жакшы жыйынтыкты көрсөң бул өзүнчө бакыт”- деди ал.

Кошумчалай кетсек, бул иш чаранын алкагында “Конок мугалим” долбоору үч жылдан бери ишке ашып келет. Анда мугалимдер тажрыйба топтоо үчүн түштүк жана түндүк жергесине алмашып, жайлоодогу бала бакчаларга билим берет. Андан сырткары тарыхый баалуулуктар менен таанышат.

Количество просмотров: 26