• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын өлүмү тууралуу маалымат берди

5 Үчтүн айы 2024 14:31 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдылдаевге «инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган.

«29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен Абдылдаевге «такталбаган психотикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу бар» деген диагноз коюлган. Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты милициянын каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды»,-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Абдылдаев 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгонун анын адвокаты Кайсын Абакиров айтып чыккан.

Количество просмотров: 2443