• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаза аткаруу системасында дагы бир аскер кызматкери каза болду

6 Жетинин айы 2019 15:05 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу системасында дагы бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Анын айтымында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт департаментинин окуу борборунда сержант жигит жатаарда каза болду.

Ал аскерге алты ай мурда Баткен облусунан чакырылган.

ЖАМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн жок.

Бир күн мурда №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгон.2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунган.

 

Количество просмотров: 174