Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасындагы адам укуктары боюнча Улуттук диалогдун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы эле укук коргоочу катары кала берерин белгилеп, жана ошондой эле аквапарктагы 3-класстын окуучусу каза болгон окуя боюнча комментарий берди.
«Бул кырсык, трагедия, буга мугалимдердин, администрациянын эч кимисинин күнөөсү жок деп ойлойм», — деди ал.
Андан ары ал мисал катары былтыр буга чейин 11 жаштагы окуучу мектепте жүрөк оорусунан каза болгон окуяны келтирип, мындай кырсыктарда ата-эненин да жоопкерчилигин кароо керек дейт.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова обочолонгон иштер системанын туруксуздугуна алып келерин айтып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарына жооп берди. «Бир, эки, үч жазасыз калуу — бул система болот. Ал өзүнчө эле иштерден турат. Тилекке каршы, биз балдардын коопсуздугун жана укуктарын сактоо маселесин стандартка келтире албайбыз», — деди ал.
Абдрахматова кошумчалагандай, Акыйкатчы институту менен өкмөт бардыгын чогуу оңдошу керек.
«Биз сиздерге чара көрүшүңүздөр үчүн сунуштарды берип жатабыз, ыйгарым укуктуу органдар жооп бериши керек. Зордук-зомбулук, укук бузуу, өлүм боюнча бардык фактылар тыкыр, ачык жана объективдүү иликтениши керек. Муну камсыз кылууну суранабыз», — деди Абдрахматова.