• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жазгы-талаа иштерине даярдыктар кандай? Өкмөт ЖКга маалымат берүүдө

16 Бирдин айы 2023 12:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш бүгүнкү 16-февралдагы жыйында жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө министрлер кабинетинин маалыматын угууда

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мүчөлөрү толук курамда катышууда.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл бардык аймактарда жазгы-талаа иштерине даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын билдирди. Анын ырасташынча үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда быйыл эч кандай көйгөй жаралбайт.

«Кыргызстанда дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу үчүн нефтетрейдерлер ассоциациясы менен келишим бар. Бүгүнкү күндө бизге керектүү болгон 42 миң тонна күйүүчү май даяр. Бензин, дизель менен 100% камсыз кылынат. Ал эми минералдык жер семирткичтер боюнча 17 компания алектенет. Учурда 40миң тонна минералдык жер семирткич бар. Баасы былтыркыга салыштырмалуу төмөн», — деди министр Аскарбек Жаныбеков.

Минкабдын мүчөсү маалымдагандай, ирригацияга быйыл 1 млрд сом каралууда. Ал каражатка 816 чакырым чарбалык каналдарды тазалоо пландары турат.

Учурда депутаттар жазгы-талаа иштери боюнча министрлер кабинетинин тийиштүү өкүлдөрүнө суроолорун берүүдө.

Количество просмотров: 235