• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Белгилүү жазуучу Бекбай Алыкулов каза болду

25 Жалган куран 2021 16:38 Бишкек Govori.TV

Белгилүү жазуучу Бекбай Алыкулов каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жылдары Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1967–1983- жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, 1990-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, «Чүй баяны» гезитинде, андан соң «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жазуучу жана журналист Б. Алыкулов чыгармачылыктагы зор ийгиликтери үчүн 1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамга татыктуу болгон.

Govori.TV агенттиги жазуучу жана журналист Бекбай Алыкуловдун үй-бүлөсүнө, туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 266