Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берип, ордуна Нурлан Калыбеков шайланды.
Жыйында төрагалык орунга жазуучулар тарабынан төрт талапкер көрсөтүлдү. Алардын экөө өз талапкерлигин алып, таймаш эки талапкердин ортосунда өттү. Анын бири Кыргыз маданиянтына эмгек сиңирген ишмер, буга чейин Жазуучулар төрагасынын орун басары болуп келген Тынчтыкбек Нурмамбетов, экинчиси Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурлан Калыбеков болду.
Шайлоо жабык добуш берүү менен жүрүп, натыйжада акын Нурлан Калыбеков жеңишке жетишти.