• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнин 20 миң сомго баалаган тайенеси «Жашыруун видео»

28 Жалган куран 2018 18:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.03.2018.Govori.TV
Ош шаарында 59 жаштагы аял 11 күндүк небересин 20 миң сомго сатып жаткан учурдагы видеону НТС каналы чыгарды. Ал аял милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ымыркай ошол замат Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми аталган башкармафлык ымыркайды калаадагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна жайгаштырган. Наристе аталган борбордо алты айга чейин каралат.

Ош шаарында небересин 20 миң сомго саткан таене соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.

Количество просмотров: 32