“Жеңем ГКНБда иштейт” деген мас наркология борборунан дагы баш бербей кутурган
“Жеңем ГКНБда иштейт” деген мас наркология борборунан дагы баш бербей кутурган
30 Тогуздун айы 2018 17:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV
“Жеңем УКМКда иштейт”,- деп чиренип, эч кимге баш бербей, камерага каршылык көрсөткөн мастын бүгүн дагы наркология борборунан даарыгерлердин айтканына көнбөй жаткан видеосу чыкты.
Ал 1985-жылы туулган Айбек атту жаран экени белгилүү болду. Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда ага карата 238 берене 1-бөлүгү менен административдик иш козгоду. Ал эми автооунаасы айыппул төлөөчү жайга токтотулган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматынын өкүлү Атыркул Бекмурзаева билдирди.
Ал эми чиренген УКМКда иштейт деген жеңеси ким экени белгисиз.
Эске салсак, 27-окутябрда интернет баракчаларда мас абалында унаа башкарган жаран эч кимге баш ийбей жаткан видео тараган.
Интернет колдонуучунун айтымында ал “Жеңем УКМКда иштейт”,- деп чиренип, эч кимге баш бербей, камерага каршылык көрсөткөн.