• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жеңиш Молдокматов 6-июлга чейин камакта калды

1 Кулжа 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июнда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочуларынын арызы Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул арада шаардык соттун алдында анын ондогон тарапташтары митинг өткөрдү.

Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиевдин айтымында, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

«Биринчи май райондук сотунун 8-майдагы чечимин шаардык сот күчүндө калтырды. Анын негизинде Молдокматов 6-июлга чейин камакта калды. Бул чечимди мен туура эмес деп эсептейм. Аны камакта калтырууга негиз жок болчу»,-деди жактоочу.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

Количество просмотров: 146